Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын 1 миллионго жакын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган

Мыйзамды бузгандыгынан улам 990 миң чет өлкөлүк жаранга Орусияга барууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановскийге шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, эми Орусияга бара албаган калктын басымдуу бөлүгү Өзбекстан (40 пайызга жакын), Тажикстан (20 пайызга чейин), Кыргызстан жана Азербайжандын жарандары болуп саналат.

“Орусиянын мыйзамын бузгандарды өткөрбөөнүн автоматтык системи пайдалуу натыйжаны көрсөтүп жатат. Ушул жылы биз Борбор Азиядан массалык миграцияны жогорку пайызга кыскартканбыз. Бул иш-аракетибиз мыйзамсыз миграцияга жана мыйзамсыз иш жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан чара болууда”,- деп түшүндүрдү Ромодановский.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mairam1991
2014-09-24 18:26:53
балее болду ушул "черный список". Мыйзам бузбагандарды деле киргизип коюп жатышат! Ушул эле жетишпей жатты эле да байкуш мигранттарга(((
+6
josholu
2014-09-24 18:26:54
Мени эчнерсе кылбайт бекен.бир жылдан бери пропискасыз журом
0
baiysh0704
2014-09-24 19:29:07
josholu, сени камаса прям Уч коргонго алып келет этият бол братишка.
+8
Ozonekg
2014-09-24 20:43:57
Эмне пропискасы жокторду камайт бекен
-1
furkat80
2014-09-24 22:14:27
мыйзам бузган эмес таза документ менен жургондорду келгенине 2 кун болгондорду департ кылды 28 адамды. 14 сентябрда. буларга план толбой жатабы эмне тушунбойсун.
+1
iskra77
2014-09-25 00:58:11
ТСга киргенге чейин бир сыйра тазалашыбыз керек дешип жатышат. Откондо бир братишкаларды кармап кетишип ошентишиптир полициялар.
0
NARYN...777
2014-09-25 04:59:46
Ниче аты жонубузду алмаштырып кайра эле кирип кетебиз бизден кутулуш оной деп атышат окшойт.
+1
papanstan
2014-09-25 12:40:57
Катуу Текшерип жатышат аябай 24,23числодо Биздин иш кананы бастырып кирип келдиго ФМС кундо келип тажатышты чынын айтсам
0
kg-bala87
2014-09-25 19:41:30
Менида киргизип коюптур разрешения на работу болчу докумментердин бапры жакшыле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан