"Баш мыйзам боюнча депутаттарды өзгөчө оор кылмыш кылган учурда гана жоопко тартууга болот". Бул пикирди "ата журтчу" депутаттардын иши каралып жаткан бүгүнкү сотто Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. “Бул депутаттар мандатынан ажыратылган эмес, ЖКнын депутаттары, кол тийбестиги бар. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырбай сот иши улантыла турган болду. Биз силерден эң жөнөкөй нерсени суранган болчубуз. Депутаттарды өзгөчө оор кылмышты кошпогондо жоопко тартуу мүмкүн эмес экендиги баш мыйзамда жазылган”,- деди жактоочу.