“Мыйзамсыз миграция уюштурган жана жасалма документ жасаган” деп шектелип кармалган Нигериянын 4 жаранынын иши боюнча сот чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Соттон кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кармалгандардын үчөөнү 4 жыл 2 айга, ал эми бирөөсүн 4 жылга эркинен ажыратты.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү Бишкекте Нигерия Республикасынын 4 жараны кармалган. Аларга кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу.