Кадамжайда “алдамчылык” беренесине шектелип инженер кармалды

Кадамжай райондук Шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын инженери “алдамчылык” беренесине шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Д.З. аттуу инженер пайда көрүү максатында алдамчылык жолу менен 0,15 гектар жер тилкесин жергиликтүү тургунга сатып жиберген. Кийин ал жер тилкеси мурда башка жаранга сатылганы аныкталган. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан