Мөөнөтү өтүп кеткен дарыны колдонуудан кийин каза тапкан 34 бейтаптын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Чүй облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмүндөгү 34 бейтаптын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.
2014-жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматовага Чүй облустук ооруканасында бөйрөк дарылоосун алган жети бейтаптан кайрылуу каты келип түшкөн.
Алардын катында 2011-жылдын май айынан 2013-жылдын июль айына чейинки мезгил аралыгында гемодиализ дарылоосунан өтүп жатканда жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен "Репретин" дары каражатын алышканын айтат. Алардын маалыматына караганда, жарактуу мөөнөтү өткөн дары-дармек менен дарылануунун натыйжасында 34 бейтап каза болгон. 
Дары-дармектин кесепети тууралуу материал текшерүү үчүн адегенде Бишкек ШИИББине, андан соң Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине берилген. Алгачкы жолку кайрылууда кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бирок 2 жылда 34 бейтап өлгөндүктөн (Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Чүй облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмүнүн 20 бейтабы көз жумган), ушул жылдын июль айында Чүй облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмүндө Бишкек ШИИББинин, Бишкек шаардык прокуратурасынын, Чүй облустук ооруканасынын жана жасалма бөйрөк бөлүмүндө дарыланган бейтаптардын катышуусунда депутаттык көчмө текшерүү жүргөн. 
Ушу тапта Бишкек ШИИББинин тергөөчүсү тарабынан Чүй облустук ооруканасынын жасалма бөйрөк бөлүмүнүн бейтаптарынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен «Репретин» каражаты менен дарылоону дайындоо жана дарылоо боюнча билдирүүсүнүн негизинде чогултулган материалдарды кароонун жыйынтыгында кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылды. Кылмыш иши андан ары иликтөө үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине тапшырылды.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Russ86
2014-09-25 18:51:08
Саламаттыкты сактоо министринин иштебегени бул!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан