Караколдо мурдагы эксперт-криминалист Рахат Эралиевдин өлүмүнө шектүү адам кармалды

Караколдо 56 жаштагы жаран адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Караколдо мурдагы эксперт-криминалист, 45 жаштагы Рахат Эралиевди белгисиз адам бир нече жолу бычак менен сайып кеткен. Ал алган жараатынан улам каза тапкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан