“Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты” террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды

“Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты” террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды. Жазык ишин кароо боюнча соттук процесс 2014-жылдын 9-октябрында уланат. Учурда күбөлөр сурак берүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту "Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты" террордук уюмунун 3 айыпталуучусун өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Өмүр бою эркинен ажыратылган Эдил АбдрахмановБакыт Кенжегулов жана Данияр Кадыралиев түзөтүү колониясында күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөшүп, мүлктөрү конфискацияланат. Аталган 3 жаран жана башкалар "2010-жылдын 9-сентябрында Бишкектеги Синагогдор үйүнүн жанындагы жардырууга, 2010-жылдын 30-ноябрындагы Спорт Ордосунун имаратынын жанындагы жардырууга, Токмок шаарындагы 2 жардырууга жана башка оор кылмыштарга катыштыгы бар" деп айыпталышкан. Бул иште жалпы 13 адам күнөөлүү деп табылган. Акбарали ХатамовМуратбек ДөөлөтказиевТурдубек уулу Руслан жана Сайитжафар Асиров 23 жылга кесилген. Ал эми Ийгилик Усекеев менен Маратбек Чекирокоев 22 жылга эркинен ажыратылышкан. Мындан сырткары айыпталуучу Айбек Коргонбеков 8 жылга, Кубанычбек Медетбеков 7 жылга, Дүйшөнбек ТурдалиевДамирбек Батырбашев 4 жылга кесилип, үй-мүлкү конфискацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asan-aka
2014-09-25 13:29:02
ХХХ ХХХ болчу камап нан суу берип окмотту кыйнабай
0
admin_portal
2014-09-25 14:04:50
Asan-aka - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
mr.juma
2014-09-26 01:22:46
мындайларды качуу арекет кылды деп эле жок кылыш керек. Алар турмодогулорду да вербавайт кылып алат. Эл жабыркайт. дагы булар элдин эсебинен багылат.Кайдагы акыйкаттык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан