Аксы районунда жол кырсыгы катталып, Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен унаа табыла элек

Аксы районунун Чүй-Коргон айыл аймагында жол кырсыгы катталып, Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен унаа табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-сентябрь күнү саат 21:35 чамасында катталган. Анда Опель үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Стрим унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда Стрим унаасы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, издөө жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Назгуль
2014-09-26 11:42:54
Биринчи куну МЧС келди,бирок жардам бере алган жок. Озубуздо турган Уч-Коргон ГЕСинин суусун азайта алган жок,себеби Озбекстандан суранып алар макул десе суу жабылат экен,бул карапайым элдин создору. Дагы бир себеби куткаруу кызматы сууга тушо алган жок,сууга ылайыкташкан кийими бар экен бирок фонарь жок экен. Мына биздин куткаруу кызматы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан