Эске салсак, Казакстандын Алматы облусунда өлкөнүн Коргоо министрлигинин Су-27 аскердик учагы кулап түшкөн.
Маалыматта "23-сентябрь күнү саат 23:00дө аскер учагы менен болгон байланыш үзүлүп, бир нече убакыттан соң Коксуск районундагы Жаналык айылына жакын аймакка кулап түшкөн. Учак ичинде экипаж мүчөлөрү: подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбунов болгон. Бирок алар кырсык болгон жерде жок болууда" деп айтылган. Бүгүн Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы "Кулап түшкөн экипажды башкарып бара жаткан подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбуновдун денелеринин айрым бөлүктөрү табылды. Кошумча маалымат атайын комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң кабарланат" деп билдирген.
Учурда кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.