“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 25-сентябрда футбол боюнча жарым чейрек финалдык оюндар старт алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда Кыргызстан олимпиадалык курамасы Иордания менен беттешет. Чейрек финалдык жолдомо үчүн болгон беттеш Бишкек сааты боюнча 14:00дө старт алат.
Андан тышкары бул күнү чейрек финалдык жолдомо үчүн Палестина - Япония, Түштүк Корея - Гонконг, Таиланд – Кытай курамалары өз ара беттешишет.