Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 25-сентябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-сентябрь күнү кечке маал катталган. Анда Бишкекти көздөй келе жаткан унаа менен ага карама-каршы келе жаткан унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 жүргүнчү жана 1 айдоочу жабыркап, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.