Орусияда бир кызды зордуктап, анын сүрөттөрүн интернет айдыңына жарыялап жиберишкен 6 студентке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 25-сентябрда кабарлашууда.
Жакынкы күндөрдө интернеттеги социалдык барактардын бирине Орусиянын Новосибирск шаарында окуган студент өзүнүн 5 досу менен Алина аттуу өспүрүм кызды кантип, эмнеден улам зордуктагандыгын баяндап, кыздын жылаңач сүрөттөрүн жарыялап жиберген. Өзүнүн баяндоосунда аталган студент достору менен биргеликте баңгизатын, алкоголдук ичимдиктерди колдонуп көңүл ачып отурушкандыгын, анын Максим аттуу досу жаңы таанышкан кызын ээрчитип келип, кыз мас болуп эс-учун билбей калганда кантип зордуктагандыктарын, кийин аны кийинтип сыртка алып чыгып коюшкандыктарын жазган. Бул боюнча коомчулукта кызуу талкуу жаралып, полиция иликтөө иштерин баштаган. Аз өтпөй кылмышка шектүү болгон жарандар кармалышкан. Иликтөөдө шектүүлөр 15-16 жаштагы өспүрүм студенттер экени аныкталган. Учурда алар камакка алынып, кылмыш ишинин негизинде тергөө жүрүп жатканы маалым болду.