Азия оюндарында Катардын баскетбол боюнча кыз-келиндер курамасы хиджабды чечүүдөн баш тартканы үчүн жазаланды

Катар мамлекетинин баскетбол боюнча кыз-келиндер курама командасы кечээ, 24-сентябрда “Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында кезектеги оюнга хиджабды чечип чыгуудан баш тартты. Эл аралык баскетбол федерациясынын жоболоруна ылайык, баскетбол ойноодо хиджаб чечилиши керек. Башка спорт түрлөрүндө мындай чектөө жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баскетболчулар тыюу салынган эрежени мусулман аялдарына болгон басмырлоо саясаты деп баалап, мындай шарттан баш тартышты.

Кошумчалай кетсек, уюштуруучулар бул кырдаал боюнча ыкчам чара көрүп, Катардын курамасынын Монголия менен болгон беттешин болтурбай койду. Катар тарап алдыда боло турган Непал, Казакстан жана Гонконгго каршы оюндарга чыгар-чыкпасы тууралуу маалымдай элек.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURBEK2686
2014-09-25 13:27:20
Молодцы эн туура. Баарынан Аллахтын окумун жогору койушканына, Аллах раазы болсун.
+14
sema.
2014-09-25 16:51:24
alxamdylila akiretiner sonyn bolot go dakansa tyrywsa sonyn allaxym y4yn.
0
Ganibal87
2014-09-25 17:02:14
Маш Аллах!!! Аллах колдойт чынчынында!
+1
elgiz0890
2014-09-25 18:52:38
аллах ыразы болсун силерге окуп суйундум
0
KyyalArzu
2014-10-01 10:59:35
Allah ozu koldosun!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан