Чаткалдагы “Фонта” алтын казуучу ишканасын тоногондордун дагы бири кармалып, анын үйүнөн 2 килограмм алтын табылды

Чаткалдагы “Фонта” алтын казуучу ишканасын тоногондордун дагы бири кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү саат 01:40 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет капчан бир нече жаран келип ок атуучу курал менен күзөтчүнү атып, 5 килограммдан ашык алтынды алып кетишкен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аз убакыттан кийин кылмышка шектүү катары С.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда аталган ишканада эмгектенип кеткени маалым болгон. Анын жанында тоноочулукка катышкан кылмышкерди издөө иштери улантылып, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун З.Б. аттуу 33 жаштагы тургуну кармалган. Анын жашаган үйүн тинтүүгө алууда 2 килограмм алтын жана 50 миң сом акча табылган. Учурда ИИМ кызматкерлери кылмышка тиешеси бар болгон дагы бир жаранды издөө иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан