Мелис Турганбаев: “Тынч митингдерди өткөрүүгө милиция тоскоол болбойт”

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев: “Кыргызстанда тынч митингдерди өткөрүүгө милиция кызматкерлери тарабынан тоскоолдуктар болбойт. Каалагандар бүгүн деле нааразычылык акцияларын өткөрө беришсин. Эң негизги талап - иш-чара мыйзам чегинен чыкпасын”,- деди.

Депутат Равшан Жээнбеков эки күн мурун 23-сентябрда Таласка курултай уюштурууга бара жаткан жарандык активисттердин кармалышын мисал келтирди. Буга Турганбаев "Чүй облусундагы "Сосновка" өткөрүү бекитинде милиция жана УКМК кызматкерлери рейд жүргүзүп жаткан. Активисттерди эч ким кармаган жок. Алардын баракчалары гана алынып, экспертизага жөнөтүлгөн" деп жооп кайтарды.

Айта кетсек, 23-сентябрда Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматы жаш активист Мавлян Аскарбековду жана "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевди “Сосновка” өткөрүү бекетинен токтотушуп, алардан баракчалар алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar85
2014-09-25 16:27:57
Мелис Турганбаев: “Тынч митингдерди өткөрүүгө милиция тоскоол болбойт” тоскоол болбойт жон эле кармап кетип камап салышат анан соттоп жиберишет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан