Нариман Түлеевдин сотунда Эсеп палатасынын аудитору катачылык кетирип алганын мойнуна алды

Нариман Түлеевдин кечээ, 24-сентябрда Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан сот отурумунда Эсеп палатасынын аудитору Казакбай Мамырканов катачылык кетирип алганын мойнуна алды. Эсеп палатасынын аудитору Н.Түлеевдин учурунда келген автобустар боюнча аудит жүргүзүүдө “Кыргыз темир жолу” жана Бишкек мэриясы алып келген автобустарды салыштырып көрүп, “Кыргыз темир жолу” ишканасы пайдалуу баа менен алынып келингендиги жөнүндө расмий токтом жазган. Казакбай Мамырканов ошол кезде УКМК “Кыргыз темир жолу” ишканасы алган автобустар менен мэриянын алган автобустарынын сүрөтүн гана алып келишкендигин, ошондуктан сүрөттөрдөн карап эле жыйынтык чыгарып, эки автобус бирдей деген чечимге келгендигин билдирди. Нариман Түлеев өз кезегинде аудиторго автобустардын сүрөттөрүн көргөзүп: “Карасаңыз, бул жерде “Кыргыз темир жолу” алган автобустар мэрия алган автобустардан кыйла эле кичинекей, бир эле эшиктүү болуп турат. Биз алып келген автобус менен булардын автобустарынын техникалык мүнөздөмөлөрү да эки башка”,- деп билдирди. Мындан соң Казакбай Мамырканов катачылык кетирип алганын мойнуна алды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Akshumkar
2014-09-25 16:18:12
Деп туруп тулеевди бошотуп жибергиле
+3
sagyn01
2014-09-25 16:23:03
Тулеевти ашыкча кыйнап салышты
0
goodman02
2014-09-25 16:32:47
sagyn01, Мммдаа жаман эле кыйнап салышты
0
munar85
2014-09-25 16:42:04
Тулеевдин боштондука чыгарына аз эле калыптырда анда бирок Тулеев азыркы Бишкектин мээри Кулматовко караганда бир топ жакшы иштеген
+3
nargiz_96
2014-09-25 16:46:36
бизде не бары тоок мээлер иштейби
+1
tagokg
2014-09-25 16:47:19
суроттордон карап туруп жыйынтыкка келгенбиз десе эле болдубу, бир адамдын тагдыры жонундо соз болуп жаткандыгын билбедиби, кантип ушу адам Эсептоо палатасында отурат!!!!! ээээ десе. Озун дагы камаш керек.
Нариман ага чыданыз, сизге сабыр тилейм, аз калды.
+2
557
2014-09-25 16:59:07
Нарман ага кайратыныз бек бок болсун, карышкырча да болбогон адилетсиз укук коргоо органдарын кудай жазасын берет!
+2
asiret
2014-09-26 18:23:09
Суротункарап жыйынтык чыгаргыдай бул эмне жаш балдардын оюну беле. Ошол суротко карап жыйынтык чыгарган акмакты жазалаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан