“Кумтөр” кенинен 1997-2011-жылдар аралыгында 260 тонна алтын казылып алынган

“Кумтөр" кенинен 1997-2011-жылдар аралыгында 260 тонна алтын казылып алынган. Мындай маалыматты бүгүн, 25-январда ЖКдагы көпчүлүктүн коалициясынын жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, казылып алынган алтындын жалпы наркы 4 миллиард 860 миллион долларды түзгөн. “Бизге 489 миллион 49 миң доллар салык төлөнгөн. 2011-жылы эле 18,7 тонна алтын казылып алынып, ал 941 миллион долларга сатылган. Ал эми анын 446 миллион доллары Кыргызстанда калган. Ошондой эле "Кумтөр" компаниясы экологияга зыян келтиргендиги үчүн 310 миң доллар айып пул төлөгөндүгү белгиленет. Бирок бул каражат качан, кайсы маалда, кайсы мекеме тарабынан алынгандыгын эч ким билбейт. Демек, бул каражат төлөнгөн эмес”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан