
* Мындан 22 жыл мурун, 1992-жылы улуу сүрөтчү жана актёр
Сүймөнкул Чокморов 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген поликистоз аттуу оорудан көз жумган. Ал бир бөйрөгү жок төрөлүп, ал эми экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү. Актёр 1939-жылдын 9-ноябрында Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. С.Чокморов Кыргыз ССРинин Эл артисти (1975), СССРдин Эл артисти (1981), Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1990), ВЛКСМ жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты, төрт жолку Кинематографисттер биримдигинин "Эң мыкты эркек ролу үчүн" дипломунун ээси (1969, 1972, 1974, 1978), ошондой эле Кинематографисттер жана сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
* Мындан 38 жыл мурун, 1976-жылы Новосибирск шаарында ажырашып, кетип калган аялынан өч алуу максатында Владимир Серков аттуу учкуч Ан-2 учагы менен атайылап аялы жашаган 5 кабаттуу көп батирлүү үйдү сүзгөн. Анын кесепетинен учкуч жана үйдүн 11 жашоочусу каза болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Монголияда биринчи император
Чыңгыз ханга арналып тургузулган айкелдин ачылыш аземи болгон. Ага арналган дүйнөдөгү эң чоң атчан статуянын бийиктиги – 40 метр, ылдыйында 10 метрдик постаменти бар. 250 тоннадан турган эстелик эки кабаттан туруп, галерея, сувенир сатуучу дүкөндөрү, музей, ресторандар жайгашкан. Кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлсө, Чыңгыз ханды жакындан, тагыраагы, маңдайынан көрүүгө болот. Уламышка ылайык, дал ушул эстелик жайгашкан жерден баатыр алтын камчы таап алган деп айтылат.

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы америкалык актриса
Глория Стюарт 101 жашында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби, мындан беш жыл мурда актриса рак оорусуна чалдыккан. Бирок ал ага анчалык маани берген эместигин кызы Сильвия Томпсон айткандыгын "Associated Press" кабарлаган. Глория Стюарт актрисалык карьерасында 70тен ашуун тасмаларда роль жараткан. Аны ийгиликке жеткирген Жеймс Кэмерон режиссёрлук кылган "Титаник" тасмасындагы карыган Роуз Калверттин ролун аткаруусу болгон. Тасмада да Роуз Калверт 101 жашында каза болгон. Ал эми анын ролун аткарган Глория Стюарт ал учурда болгону 86 жашка аяк баскан. Мына ушул аткарган ролу үчүн Стюарт "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлүп, бирок жеткен эмес.