Министр Алмамет Шыкмаматов "Кумтөрдү” иштетүү боюнча келишимге 1992-жылдан бери 8 жолу өзгөртүү киргизилген" деди

"Кумтөрдү” иштетүү боюнча келишимге 1992-жылдан бери 8 жолу өзгөртүү киргизилген. Мындай маалыматты бүгүн, 25-январда “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын юридикалык экспертиза боюнча жумушчу тобунун төрагасы, КРнын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ЖКда билдирди. “Киргизилген өзгөртүүлөрдү 3 этапка бөлүп карадык. Биринчи өзгөртүү 1992, 1993 жана 1994-жылдары, экинчи өзгөртүү 2000, 2003 жана 2004-жылдары, үчүнчү өзгөртүү 2008-2009-жылдары болгон. Техникалык-экономикалык негиздөө мыйзам бузуулар менен башталгандыктан, учурда Петров көлүнө, мөңгүлөргө жана башка экологиялык факторлорго зыян келтирилип жатат",- деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан