Нарындагы жол куруп жаткан кытай компаниясынын айдоочулары баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү Нарын районунун Эмгекчил айылына караштуу Кур-Терек тилкесинде жайгашкан “Копри-Синогидро Жоинт Венчур” ишканасынын айдоочулары башкарып келе жаткан унаалар токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар Нарын шаарынын М.Н., Т.С., К.Б. аттуу тургундары экендиги аныкталган. Алардын жанынан жалпы салмагы 140 граммды түзгөн баңгизат табылган.
Айта кетсек, аталган ишкана жол куруу менен алектенет.