Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу 200 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу 200 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган мугалим окуу жайдын жатаканасынан орун алып берүү үчүн студенттен 200 доллар акча сураган.

Кечээ, 24-сентябрь күнү иликтөө иштеринин жүрүшүндө окутуучу пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “мыйзамсыз сыйлык алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан