Чет элдик жаранга жумуш визасын алып берүү үчүн көп суммадагы акча талап кылган жаран кармалды

Өзүн “Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кызматкеримин” деп тааныштырып, чет элдик жаранга жумуш визасын алып берүү үчүн көп суммадагы акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бакыт жана Карим аттуу кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Жогоруда аты аталган адамдар чет элдик жаранга жумуш визасын бүтүрүп берүү үчүн арыздануучудан 3 миң доллар пара талап кылышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 1200 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган адам мурда дагы сот жообуна тартылган, эч жерде иштебеген 1985-жылкы М.Д. экени аныкталган. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан