Кара-Суу РЭСинин башчысы 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Пара талап кылгандыгы үчүн “Ош электр” ишканасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал аталган райондун электр станциясынын башчысы эреже бузулганы боюнча акт түзбөө үчүн 5 миң сом талап кылганын айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда бул факты боюнча “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jiide.8792
2014-09-25 21:23:50
ииииийй 4.5 мин бечара ушундай эштеке кыла албаган адамдарды кармашат 5.10миллион уурдап жаткан чондорго духу жетпейт.
+1
rukopaWnik
2014-09-25 21:40:26
кармаш керек эле давно , толька таштамай чечип калган ,билимиң барбы жокбу никонает ,акчаң барбы сен начальникаСЫҢ.
0
uylaak
2014-09-25 23:28:23
Мен окуган 50-60 тан ашык паланча -тукунчо Пара алып ,кармалды, иликтоо иши журуп жатат...Кана жыйынтыгы?!Пара алып колго тушкон жумуштан айдалдыбы же кайра кобураак пара берип иштеп жатабы ?Же биро эркининен ажыратылдыбы же бармагы кесилдиби? Супер инфо сураныч ошол жонундо да жазыныздарчы же жазылган болсо мен окубай калгандырмын шилтемесин жазып коюнуздарчы аябай сураныч (((
0
admin_portal
2014-09-26 09:57:18
uylaak, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Бирок сайтка байма-бай кирип окуп турсаңыз. Андай кабарлар да жазылып турат.
0
Esmerallda
2014-09-26 11:12:32
Кара-суудагы бир электриги акча сурап жаткан мен дагы кармата койсомбу.Уялбай бетин таш табактай кылып коп акча сурай.,акча заводум бардай.
0
zarbalik
2014-09-26 13:55:01
Кара-Суу кыргызстандын эн чон району.Калктын саны талас нарын облустарынан коп. Демек акча да коп. 5000 м.н карматкан ал ошол постко кандидат деп ойлойм. Места чондордун бироосуно керек болдуда. Ал жерде интрига кооп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан