Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады

Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 25-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Манас проспектинде Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай даракты сүзгөн. Натыйжада 1 адам каза болгон, 1 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан