Тогуз-Торо районунун Жалгыз-Кайың жайлоосунда кара куурайдын баштарын жыйнап, кургатып жаткан жеринен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалгандар 1983-жылы туулган Нарын районунун жана 1989-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургундары болушкан. Алар жапайы өскөн кара куурайдын баштарын жыйнап, кургатып жатышкан. Алынган баңгизатынын жалпы салмагы 18 килограммдан ашкан. Учурда булар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.