Бишкекте 19 жаштагы кыз "башка жарандын эсеп картасын уурдап, эсептеги акчасын алып алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милицияга борбор калаанын Сезим аттуу тургуну кайрылып, үйүнөн белгисиз адамдар эсеп картасын уурдап, кийин эсептеги 10 200 сомун алып кеткендигин кабарлаган. Аталган окуя боюнча укук коргоо органдары ыкчам аракеттерди жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.Б. аттуу кыз кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.