Голландиядан келген ишкерлер кыргызстандык дыйкан-фермерлердин иши менен жакындан таанышышты

Голландиядан келген ишкерлер кыргызстандык дыйкан-фермерлердин иши менен жакындан таанышышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка ылайык, аларга Сокулук районунун Арал айылында жайгашкан күнөскананын иши көрсөтүлдү. Бул күнөскана Түштүк Корея менен Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин тыгыз кызматташтыгынын негизинде 2009-жылы түптөлүп, учурда помидор менен бадыраңды жергиликтүү базарга сатыкка чыгарат. Күнөскана өндүрүм чыгаруу менен гана чектелбейт, мында дыйкандарды окутуу борбору да иштеп жатат. Ишин жаңы баштаган же ага кызыккан багбандар дал ушул “Апек” күнөсканасына келип окуп-үйрөнө алышат.  Нидерландыдан келген айыл чарба ишкерлери кыргыз дыйкандарынын бул аракеттерине оң баа берип, алардын технологияларын көрүп, тажрыйба бөлүшүштү. Алар ага кошумча Ысык-Ата районунда жайгашкан “Три К” ишканасында болушуп, кыргыз фермерлеринин бул жетишкендигине оң баа беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан