Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши башка сот залында улантылат
Айыпталуучу "Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча өтүп жаткан сот залын алмаштыруу боюнча сот депутаттардын жактоочуларына башка сот залын табууга макулдук берди. Айта кетсек, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча 24-январда өткөн сотто залдын тар болуп жатканын айткан ЖКнын депутаты сот залын алмаштырууну соттон өтүнгөн. Сот ишин Бишкектеги Спорт Ордосунда өткөрүү да сунушталган болчу.