Токмокто үлпөт тоюнда мас абалындагы айдоочу жол-кайгуул кызматкерин ур-токмокко алгандыгы үчүн кармалды

Токмокто үлпөт тоюнда мас абалындагы айдоочу жол-кайгуул кызматкерин ур-токмокко алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен бүгүн, 26-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Токмок шаарында үлпөт тоюн коштоп жүргөн унааларды байкап, жол-кайгуул кызматкерлери аларды токтотушкан. Бирок Ленд Ровер унаасын башкарып жүргөн айдоочу токтобостон, качып кетүүгө аракет кылган. Кийин кармалганда айдоочу мас абалда экени аныкталган. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү болгондо мас абалындагы айдоочу жол кайгуул кызматкерин бир нече ирет бетке чаап жиберген. Мындан соң айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, ага карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamarik
2014-09-26 14:45:07
дубинка менен таманга соккула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан