28-сентябрда Бишкек шаарындагы "Эмгек резерви" стадионунда иттердин көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу уюм - Кыргызстандын кинологиялык клубунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада "Мыкты түгөйлөр", "Ит жана мода", "Бала жана ит", "Мыкты ит багуучу" жана башка сынактар уюштурулат. Калыстар тобу кыргызстандык жана чет өлкөлүк адистерден турат. Алардын арасында эл аралык деңгээлдеги калыс, Казакстандагы Эл аралык кинологиялык уюмунун президенти Нина Макерова да болмокчу.