Буга чейин Бишкекте 22 жаштагы кыз күч колдонуп зордуктаган 49 жаштагы жаранды бычактап салганы айтылган. Бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Жалал-Абад облусунун Кыял аттуу тургуну кармалган.
Сурак учурунда кылмышка шектүү: “Бишкекке келгениме 10 күн болду. Иштегени келгем. Окуя болгон күнү бир байке менен 6-кичи райондогу 39-мектепте иштеп жатканбыз. "Саат 23:00гө чейин иштейсиң, анан кетесиң" деген. Убакыт келип, кетейин деп жатсам кетирбей, “бүгүн мени менен каласың” деп уруп-сабап кирди. Анан зордуктады. Экинчи жолу дагы зордуктоого аракет кылганда бычак менен ичке сайдым. Кыйкырсам эч ким уккан жок. Ылдыйга түшсөм кароолчусу уктап жатыптыр. Жарыкты күйгүзүп, ойготкондо гана турду. Ал мектеп директорун, милицияны, "Тез жардамды" чакырды. Кылган ишиме өкүнүп жатам. Мен деле ойлогон эмесмин, ал өлүп калат деп. Экинчи жолу зордуктайын деп жатканда коркуп кеттим”,- деп көрсөтмө берген.