Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы тургуну "58 жаштагы аялды ур-токмокко алып, зордуктаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен бүгүн, 26-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Жайыл райондук милициясына 53 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 58 жаштагы пенсионер эжесинин үйүнө белгисиз адам кирип келип, аны ур-токмокко алып, зордуктап кеткендигин кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.