Сокулукта 18 жаштагы кыз жергиликтүү тургунду бычактап салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ош облусунун тургуну болгон 18 жаштагы айым Сокулук районунун тургуну менен урушуп кетип, уруш учурунда бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Жараат алган жаран ооруканага жеткирилген. Бул боюнча жабырлануучунун агасы арыз жазып, кылмышка шектүү болгон 18 жаштагы кыз камакка алынды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.