Жылнаама, 27-сентябрь: Мындан 56 жыл мурун Пржевальск шаарына жакын жайгашкан Жыргалаң суусунун жээгинен мамонттун тиши жана баш сөөгү табылган

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы Пржевальск шаарына жакын жайгашкан Жыргалаң суусунун жээгинен уникалдуу табылга чыккан. Адистердин аныктоосуна ылайык, ал мамонттун тиши жана баш сөөгү болгон. Буга чейин мындан мамонттун, бронтозавр сыяктуу динозаврлардын сөөктөрү табылган.
 
* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында туулган. 1992-жылы Томск мамлекеттик университетин инженер-химик адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча аяктаган. Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп, аны жетектөө менен баштаган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1978-жылы украиналык ырчы, Украинанын Эл артисти Ани Лорак Украинанын Черновицк облусундагы Кицмань районунда төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү - Каролина Мирославовна Куек. Супер популярдуулукка ал 2008-жылы “Евровидение” сынагында күмүш медалды алуу менен жеткен.
27-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан