
* Мындан 102 жыл мурун, 1912-жылы СССРдин Эл сүрөтчүсү
Гапар Айтиев Ош облусунун Төлөйкөн кыштагында туулган. Айрым маалыматтар боюнча, сүрөтчүнүн туулган күнү 15-сентябрь деп айтылат. Ал Бишкектеги (мурунку Фрунзе) Агартуу институтунун (кийинки Борбордук педагогикалык техникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн.

* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы КРнын Эл артисти, ырчы
Саламат Садыкова Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарда ырчы катары таанылган.
Турмушка чыгып, 1974-жылдан тарта Таластын Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан тарта Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.
* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы америкалык авиаконструктор
Уильям Боинг 74 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан. Дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык инженер Уильям Боинг 1881-жылы 1-октябрда машина куруу менен атагы чыккан АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен. Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден-бир лидери болуп саналат.

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы акыркы 18 жыл бою Орусиянын борбору Москваны башкарып келген мэр
Юрий Лужковду Орусиянын ошол убактагы президенти Дмитрий Медведев кызматтан алган. Акыркы учурда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Лужковду паракорчулук жана тууганчылыгы үчүн айыптай башташкан. Бирок көбү бир ооздон Лужковду президенттин ишениминен чыккандыгы үчүн кызматынан шыпырылды деп билдиришкен. Ал шаардын башчылыгына 1992-жылы келип, 2010-жылга чейин үч жолу мэрдик шайлоодон утуп чыккан.