“Электр станциялары” ишканасынын мурдагы коммерциялык директору камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Бирок эмне себептен кармалганын айтышкан жок. “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы коммерциялык директору Кемел Исаков соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, Кемел Исаков үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында кызматынан бошотулган болчу.