Өткөн сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда 6 жашар бала өрттүн келип чыгуусуна себепкер болду

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ноокат районунда сарайдан өрт чыккан. Анын кесепетинен 23 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 6 жаштагы баласы себепкер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан