Жети-Өгүз районунда зордукталып, өзүнүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Жети-Өгүз районундагы 17 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Бишкектен кармалган. Ал Дархан айылынын Элдияр аттуу тургуну болгон.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү Ак-Суу районунун Черик айылынан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, анан өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окучу. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuru95kg
2014-09-29 08:58:50
эн жагымсыз жиркеничтуу окуялар
+2
erjan0071
2014-09-29 16:23:40
Ушул сыяктуу жан кейиткен окуялар кобойду. Чыныгы кылмшкер мыйзамда коростулгон эн жогорку жазасын жазасын алып, массалык маалымат каражаттары аркылуу, жалпы элге жайылтыш керек. Кылмыш болгонун окуйбуз, жазасы кандай болгонун билбейбиз. Кылмыш жазасыз калбайт деген, тушунукту жеткириш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан