Японияда Онтаке тоосунда вулкан атылып, 30 альпинист набыт болду

Японияда Онтаке тоосунда 27-сентябрда вулкан атылып, ондогон адам каза болду. Чет элдик ММКлардын берген маалыматтарына караганда, куткаруучулар 30 альпинисттин жансыз денелерин табышкан. Ошондой эле кырсыктан бир канчасы жаракат алган. Каза болгондордун жүрөктөрү кармап калганы айтылууда. Расмий тарап медициналык экспертизадан өткөрүүдө. Вулкан атылган учурда тоо арасында 250дөн ашуун киши болгон. Кырсыктан аман калгандары коопсуз жайларга көчүрүлүштү.

Жанар тоонун атылуусу 27-сентябрда башталып, 300 вулкан атылган, алардын 240ка жакыны алгачкы 2 саат аралыгында болгон. Айта кетсек, мындан 7 жыл мурун да вулкан атылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-09-29 12:57:33
Жаман болуптур.Япондорду кыргызстанга кочуруп келбейлиби? экономика которулот,автода чыгарабыз,элестете бергиле КРдан машиналар чыгып жатканын баасы да арзан болот.Афганистандан кочуруп келуудо этият болуш керек,Турсунбай Бакир уулу бир нерсени баштаганы турабы дейм.Ой бой эмнеси болсода этият болойлуда, И.Г. мучолору кирип келсе аларга кошулуп,мало не покажется болот да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан