Каракол шаарында 47 жаштагы айым өз күйөөсүн өлтүрүп алгандыгын мойнуна алды

Каракол шаарында 47 жаштагы айым өз күйөөсүн өлтүрүп алгандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде Бердибек аттуу жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Аталган жарандын өлүмүнө шектүү катары анын 47 жаштагы Дамира аттуу аялы кармалган. Аялынын айтымына караганда, күйөөсү экөө арак ичип отуруп уруша кеткенде, жолдошу аны сабап баштаган. Өзүн коргоо үчүн аялы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүп алган. 

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
temirov76
2014-09-29 12:09:39
Арактын кесепети да,ошонун артынан олтуруп алгандар кобойду го.
0
tynara81
2014-09-29 13:41:08
Күйөөсү менен кандай аялдар арак ичет эй, ал уже нормальная аял эмес да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан