Бишкекте 61 жана 31 жаштагы айымдар коңшусун сабагандыгы үчүн камакка алынышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө Миргүл аттуу аттуу айым кайрылып, коңшу жашаган 61 жаштагы жана 31 жаштагы эки айым эч себепсиз ур-токмокко алышкандыгын кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Ж.Т. жана Ж.Д. аттуу Бишкек шаарынын тургундары кармалышкан. Иликтөө иштери жүрүп жатат.