Бишкектин айрым аймактарында 30-сентябрда эртеден кечке чейин ичүүчү суу болбойт. "Бишкек суу-канал" ишканасы билдиргендей, таза суу саат 09:00дөн 18:00гө чейин берилбей турган аймактар төмөндө: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү, Кызыл куруучу шаарчасы, Көлмө, Ак-Тилек, Алтын-Бешик, Салам-Алик жаңы конуштары, Чүй автобекет жана автостанция бирикмеси, Краснодонцев көчөсүндөгү аскердик колледж, Махатма Ганди көчөсүндөгү Биринчи Май райондук аскердик комиссариаты, Жаш Гвардия бульварындагы №18, 35-орто мектептерде, №12-бала бакчада. "Бишкек суу-канал" ишканасы тургундардан таза сууну көбүрөөк камдап алууну суранат.