Эртең, 30-сентябрда Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго адаптациялоо, гумандаштыруу максатында “Мен бармын, мен өз укугумду билем. Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, акция 30-сентябрда “Алымбек датка” эс алуу борборунда өтөт жана атайын концерттик программа менен коштолот. Иш-чара Ош мэриясы тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын колдоосунда уюшулат.