Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында саат 11:00 чамасында Кадамжай районуна караштуу Сары-Өзөн айылынын Ак-Таш тоосунда куураган чөп өрттөнө баштаган. 28-сентябрь күнү өрттү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүүчү, жергиликтүү тургундардан 55 адам тартылып, саат 18:30да өрт толугу менен курчоого алынган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен болжол менен 6 гектар куураган чөп күйүп кеткен. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.