Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында темир жолдун жанынан 25 жаштагы кыргызстандык айымдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сөөк кечээ, 28-сентябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган. Ал жерге күч органдары барышып, кыргызстандык айымдын денесинен оор жараат алып өлгөнүн аныкташкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган айымды поезд сүзүп кеткен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.