5-октябрда Шаар күнүнө карата Ош шаарында салтанаттуу иш-чара болот. Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өтө турган салтанат бардык театрлардын кызматкерлери жана бир катар жаштардын катышуусунда болмокчу. Андан тышкары тогуз коргоол, күрөш, ордо, аркан тартыш жана гиря көтөрүү сыяктуу спорт түрлөрүнөн мелдештер уюшулат. Концерттик программага катыша тургандардын жалпы саны 2 миңге чукул. Мындай маалыматты бүгүн, 29-сентябрда Ош мэриясынын басма сөз кызматы таратты.