* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Руслан Шабатоев дайынсыз жоголгон. Ал борбордогу кафелердин биринде отурган жеринен бирөө телефон чалып чакырган боюнча кайра кирген эмес. Анын сөөгү туура бир жыл, бир күндөн кийин, 1-октябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы капчыгайдан табылган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Суматра аралында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. 1100 киши каза болуп, миңдеген адамдар урандынын алдында калган.

* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы италиялык актриса, модель
Моника Беллуччи Италиянын Ситта ди Кистельо шаарчасында туулган. Мектепти аяктаган соң ЖОЖдордун бирине юридикалык факультетке тапшырат. Студент кезинде Милан шаарындагы эң престиждүү "Элит" аттуу мода үйүнөн чакыруу алууга да жетишет. 1987-жылы мода дүйнөсүнүн алптары аталган Дольче менен Габбананын да көзүнө урунуп, алар менен тыгыз иштеше баштайт. Ошондон кийин моделдик карьераны тандап, юрист болуу оюнан кайткан. Кино жаатында анын алгачкы ролу режиссёр Френсис Коппола тарткан "Дракула" деген тасмада жаралган. Андан кийин француздардын "Квартира" аттуу фильминде башкы каармандын ролун аткарып, европалык белгилүү "Сезар" киносыйлыгына татыган. 2000-жылдар актриса үчүн атак-даңктын туу чокусу болгон. Актрисанын көпчүлүктүн эсинде калган белгилүү ролдорунун бири режиссёр Ален Шабага таандык "Астерикс жана Абеликс: Клеопатранын миссиясы" тасмасындагы Клеопатранын ролу болгон. Ал эми актрисанын өмүр баянын чагылдырган "Малена" деген фильмде өзү башкы ролду ойногон.