Бишкектин Биринчи Май районунун аймагын көрктөндүрүү жана дарактарга кам көрүү үчүн көчө тазалагычтарга жаңы шаймандар берилди. Бөлүнгөн 200 миң сомго газон тегиздөөчү шаймандар, дарак бутагыч, ширеткич жана башка жабдуулар алынганын мэрия кабарлады. Район акими Аскербек Алиев жаңы шаймандарды ээлерине тапшыруу иш-чарасына катышып, жумушчуларга ийгилик каалады. Мындан кийин да кошумча жабдуулар алынып берилерин убадалады. Шаймандарды кантип колдонуу боюнча кыскача окуу өтүлгөнү айтылды.