Өткөн сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош шаарында жеңил унаа күйгөн. Анын кесепетинен 22 жаштагы жаран колунан күйүк алган. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.