Жалал-Абад облусунда 2 жаран 70 килограмм баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары Сузак районунун Ак-Баш айылынан 2 килограмм марихуана баңгизаты бар баштыкты табышкан. Аз өтпөй "баңгизаттарын сактаган" деген шек менен Э.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Буга катар ошол эле райондогу Алчалуу-Булак жайытынан Көк-Жаңгак шаарынын А.Б. аттуу тургуну бир нече капка каннабис баңгизатын чогултуп жаткан маалында кармалган. Каптагы баңгизаттын салмагы 68 килограммды түзгөн.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.